Лотереянын эрежелери

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКнын «Бактылуу карта»
КЫЗЫКТЫРУУЧУ ЛОТЕРЕЯСЫН ӨТКӨРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Лотереянын аталышы, түрү жана сыпаттамасы

«Бактылуу карта» лотереясы – «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы (мындан ары - «Уюштуруучу») тарабынан өткөрүлүүчү кызыктыруучу лотерея (мындан ары - «Лотерея»), анын алкагында катышуучулар Лотереянын эрежелеринин 5.4.1 – 5.4.4 пунктчаларында баяндалган белгилүү иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн электрондук билеттерди (мындан ары - «Билеттер») алышат жана топтошот. Лотереяны өткөрүү мезгилинде топтолгон Билеттер Ойнотууларга катышат, алардын алкагында Лотереянын ар бир Ойнотуусунун Жеңүүчүлөрү туш келди тандоо жолу менен аныкталат. Лотереянын катышуучуларын Лотереяга катышуу эрежелери жана Ойнотуулардын жыйынтыктары тууралуу маалымдоо маалыматты Лотереянын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт.

2. Лотереяны өткөрүү эрежелеринде колдонулган терминдер жана аныктамалар

«Мой О!» мобилдик тиркемеси, тиркеме - бул Android жана iOS операциялык тутумдарынын базасындагы программалык камсыздоо. Бул программалык камсыздоо электрондук акчалар, байланган банктык карталар, телефондун балансы аркылуу, жана тѳлѳмдү жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалары жана инструменттери аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн «О!Деньги» электрондук капчыгын (мындан ары - «ЭК») колдонууга, онлайн-идентификациядан өтүүгө жана колдонуучулар тарабынан топтолгон Билеттерди эсепке алууга мүмкүндүк берет.

Колдонуучу – 18 (он сегиз) жашка толгон, укукка жөндөмдүү жана аракетке жөндөмдүү, ошондой эле идентификациялоо процедурасынан өткөн жана тиркемедеги жеткиликтүү лимиттердин, инструменттердин жана сервистердин алкагында төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн тиркемени колдонууга укуктуу жеке жак.

Билет – электрондук формадагы, кокус сандардан турган, уникалдуу идентификациялык номер. Бул номер Лотереяга катышуу укугун күбөлөндүрөт жана утушка ээ болгон учурда байгени алуу укугун күбөлөндүрөт.

Visa «О!Деньги» – Visa Gold өнүмүнүн негизиндеги, эл аралык Visa төлөм тутумунун, «О!Деньги» электрондук капчыгын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган картасы. Бул карта «Мой О!» тиркемесинде электрондук түрдө, физикалык алып жүрүүчүсүз чыгарылат. Visa виртуалдык картасынын балансы «О!Деньги» электрондук капчыгынын балансына барабар.

Лотереянын байге фондун ойнотуу – кокус тандоо ыкмасы боюнча иштеген атайын программалык камсыздоо болуп саналган рандомайзерди колдонуу менен Лотереянын женүүчүлөрүн аныктоо жана бул жеңүүчүлөргө утушту берүү.

Рандомайзер – Ойнотууларды өткөрүү үчүн атайын программалык камсыздоо, ал катышуучуларга берилген Билеттердин жалпы санынан, кокус сандарды тандап алуу ыкмасы аркылуу утуштуу Билеттерди аныктайт.

Лотереянын байге фонду – Уюштуруучу тарабынан түзүлүүчү байгелердин жалпы саны, жана Лотереянын женүүчүлөрүнө мындан ары өткөрүп берүү максатында Лотереянын алкагында ойнотуу үчүн арналган.

Төлөм инструменти – колдонуучуга акча каражаттарын которуу үчүн мүмкүндүк берген кайсы болбосун инструмент. Төлөм инструменттеринин катарына төлөм документтеринин (төлөм тапшырмалары, талаптары жана өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген башка документтер), ошондой эле төлөм карталарынын ар кандай түрлөрү кирет.

3. Лотереянын Уюштуруучусунун аталышы

Лотереянын Уюштуруучусу — «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы, Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2 дареги боюнча катталган;
Э/э: 1250820004313155
«Халык Банк Кыргызстан-Бишкек» ААКФ
БИК 125008
ИУЖК 26738513
ИСН 00411200910311

4. Лотереяны өткөрүүнүн жалпы мезгили

2024-жылдын 13-майынан тарта 2024-жылдын 08-июлуна чейин

5. Лотереяга катышуунун шарттары

5.1. Лотереяга катышуу үчүн «О!Деньги» ЭКнын идентификациялоо процедурасынан ийгиликтүү өтүү жана Visa «О!Деньги» картасы менен төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл. Лотерея башталган күнүнө карата Visa «О!Деньги» картасынын кармоочулары болуп саналган жана «О!Деньги» ЭКнын идентификацияланган колдонуучулары болуп саналган колдонуучулар автоматтык түрдө анын катышуучусу болуп калат.

5.2. «О!Деньги» ЭКда ийгиликтүү идентификацияланган, 18 жашка толгон жеке жак лотереянын катышуучусу боло алат.

5.3. Лотереяга төмөнкүлөр катыша албайт жана утуштун ээси боло албайт:

  • КРдин жараны болбогон адамдар;
  • «О!Деньги» ЭКнын идентификациялан колдонуучулары болбогон адамдар;
  • 18 жашка чыга элек адамдар;
  • Лотереянын Уюштуруучусунун кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары жана Уюштуруучулар менен аффилирлеген жактар.
5.4. Билеттерди алуу шарттары

5.4.1. Visa «О!Деньги» картасын чыгаруу үчүн билеттер:

  • Билеттердин саны: 5 даана;
  • Билеттер ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүү мезгилинде картаны чыгарууда берилет;
  • Эгерде карта Лотереянын башталышына чейин чыгарылган болсо же Лотереянын мезгилинде жабылган болсо, анда Лотереянын мезгилинде картаны ачууда билеттер чегерилбейт;
  • Эгерде карта Лотереянын башталышына чейин чыгарылган болсо же Лотереянын мезгилинде жабылган болсо, анда лотереянын мезгилинде картаны ачууда билеттер чегерилет.
  • Активдүүлүктүн бул түрү үчүн Билеттерди алуу ар бир колдонуучу үчүн бир жолу гана мүмкүн.

5.4.2. Visa «О!Деньги» картасын токенизациялоо үчүн билеттер (картаны Google Pay’ге же Garmin Pay’ге байлоо):

  • Билеттердин саны: 5 даана;
  • Билеттер ушул Эрежелердин 4-пунктунда көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүү мезгилинде картаны токенизациялоодо берилет;
  • Билеттер көрсөтүлгөн сервистердин бирине биринчи жолу байлоо үчүн гана чегерилет.
  • Активдүүлүктүн бул түрү үчүн Билеттерди алуу ар бир колдонуучу үчүн бир жолу гана мүмкүн.

5.4.3. Соода-тейлөө ишканаларынан жана онлайн-сервистерден Visa «О!Деньги» картасы менен төлөө үчүн билеттер:

  • Билеттердин саны: бир төлөмдүн алкагында ар бир 300 сом үчүн 1 даана.
  • Башка Төлөм инструментине акча каражаттарын которуу максатына ээ болгон которуулар жана төлөмдөр эсепке алынбайт.

5.4.4. Билеттердин санын көбөйтүү шарттары:

  • Эгерде колдонуучу төмөнкү шарттардын бирин аткарган учурда, мындан аркы алынуучу билеттер 2ге көбөйтүлөт.
  • Эгерде колдонуучу төмөнкү шарттардын экөөсүн тең аткарган учурда, мындан аркы алынуучу билеттер 3кө көбөйтүлө
1-шарт. 5 күндүн ичинде «Мой О!» тиркемесине күн сайын кирүү.
  • Бул шартты аткаруу үчүн 5 күндүн ичинде «Мой О!» тиркемесине күн сайын кирүү зарыл.
  • Мындан аркы билеттердин көбөйүү шарты тиркемеге күн сайын кирүүдө сакталат.
  • Эгерде колдонуучу тиркемени 1 күн ачпаса, шарт аткарылбаган болуп эсептелет жана билеттерди көбөйтүү шарты күйүп кетет.
  • Кирүү шарттары сакталгандыгын текшерүү ошол күнү саат 23:59да жүргүзүлөт.
2-шарт. Акыркы 5 күндүн ичинде «О!Деньги » капчыгы аркылуу 4 000 сом суммасына төлөмдөрдү жүргүзүү.
  • Бул шартты аткаруу үчүн акыркы 5 күндүн ичинде «О!Деньги » капчыгы аркылуу жалпы суммасы 4 000 сомду түзгөн төлөмдөрдү жүргүзүү зарыл.
  • СТИден QR-код боюнча төлөмдөр, каталогдогу сервистерди жана кызматтарды (интернет, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, мам.төлөмдөр, оюндар, жеткирүү ж.б.) төлөө эсепке алынат.
  • Каталог аркылуу жана QR боюнча которуулар (P2P), мобилдик операторлордун балансын толуктоо, банктык кызматтар (которуулар), тиркемедеги ички которуулар (жеке капчыктардын/карталардын ортосундагы, байланган карталардан капчыкка/картага) эсепке алынбайт.
  • Мындан аркы билеттерди көбөйтүү шарты акыркы 5 күндүн ичинде төлөмдөрдүн суммасына жеткенде сакталат.
  • Эгерде колдонуучу транзакциялардын суммасы боюнча көлөмдү аткарбаган учурда, билеттерди көбөйтүү шарты күйүп кетет.
  • Шарттар сакталгандыгын текшерүү ошол күнү саат 23:59да жүргүзүлөт.

5.4.5. Бир ИСНге катталган бардык капчыктарга колдонуучулар алган билеттердин максималдуу саны – Лотереяны өткөрүүнүн бүт мезгили үчүн 5 000 Билет. Лимитке жеткен учурда Билеттерди чегерүү мындан ары жүргүзүлбөйт.

5.4.6. Төлөм жоюлган учурда, Лотереянын катышуучусуна жокко чыгарылган суммага берилген бардык Билеттер автоматтык түрдө Лотереянын катышуучусунан алынат жана Ойнотуулардан чыгарылат.

5.4.7. Билеттер Лотереяны өткөрүүнүн бүт мезгилинде 5.4.1-5.4.4-пунктчаларында сүрөттөлгөн иш-аракеттерди аткаргандыгы үчүн топтолот.

5.4.8. Чегерилген Билеттер тууралуу маалымат колдонуучуларга «Мой О!» тиркемесинде жеткиликтүү болот.

5.4.9. Билеттерге алуунун баасы – акысыз.

5.4.10. «Мой О!» тиркемесинен Visa «О!Деньги» аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү бөгөттөлгөн учурда («О!Деньги» ЭКсын колдонуу жөнүндө келишим түзүүгө карата жалпыга ачык офертаны бузуунун натыйжасында же Лотереянын катышуучусунун аракеттерине карата тийиштүү кайрылуунун/дооматтын натыйжасында) төлөө мүмкүнчүлүгү бейбөгөттөлгөнгө чейин Лотереянын катышуучусунун бардык Билеттери Лотереяны ойнотуудан чыгарылат.

6. Лотереянын байге фонду
Лотереянын байгелеринин аталышы 1 байгенин баасы, сом Байгелердин саны
CHERY TIGGO 4 PRO автоунаасы 2 155 178 1
Samsung Galaxy A54 8/256 GB смартфондору 28 425 20
Garmin Vivoactive 5 сааттары 25 688 30
7. Ойнотууларды өткөрүү тартиби:

7.1. Лотереяны өткөрүү мезгилдери

Мезгилдин № Башталган күнү Аяктаган күнү
№1 мезгил 13.05.2024 19.05.2024 (23:59:59)
№2 мезгил 20.05.2024 26.05.2024 (23:59:59)
№3 мезгил 27.05.2024 02.06.2024 (23:59:59)
№4 мезгил 03.06.2024 09.06.2024 (23:59:59)
№5 мезгил 10.06.2024 16.06.2024 (23:59:59)
№6 мезгил 17.06.2024 23.06.2024 (23:59:59)
№7 мезгил 24.06.2024 30.06.2024 (23:59:59)
№8 мезгил 01.07.2024 07.07.2024 (23:59:59)

7.2. Ойнотуулардын этаптары

Ойнотуунун № Күнү Лотереянын мезгилдери Байге Женүүчүлөрдүн саны
№1 ойнотуу 20.05.2024 №1 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№2 ойнотуу 27.05.2024 №2 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№3 ойнотуу 03.06.2024 №3 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№4 ойнотуу 10.06.2024 №4 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№5 ойнотуу 17.06.2024 №5 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№6 ойнотуу 24.06.2024 №6 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№7 ойнотуу 01.07.2024 №7 мезгил Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 2 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 4 даана
6
№8 ойнотуу 08.07.2024 №8 мезгилдер Samsung Galaxy A54 8/256GB смартондору – 6 даана
Garmin Vivoactive 5 сааттары – 2 даана
CHERY TIGGO 4 PRO автоунаасы – 1 даана
9

7.3. Ойнотуулардын шарттары:

  • Ар апталык Ойнотууга учурдагы Мезгил ичинде гана топтолгон Билеттер катышат;
  • Мурунку Мезгилдер ичинде топтолгон Билеттер кезектеги Ойнотууга катышуудан чыгарылат;
  • Финалдык Ойнотууга (№8 ойнотуу) бардык мурунку Мезгилдердин ичинде (№1,2,3,4,5,6,7,8 мезгилдер) топтолгон бардык Билеттер катышат;
  • Смартфондорду жана сааттарды ар апталык Ойнотууга катышуудан кайсы болбосун мурунку Ойнотууларда Жеңүүчү болгон катышуучулардын бардык Билеттери автоматтык түрдө чыгарылат;
  • Финалдык Ойнотууга катышуудан кайсы болбосун мурунку Ойнотууларда Жеңүүчү болгон катышуучулардын Билеттери автоматтык түрдө чыгарылат.

7.4. Лотереянын мезгили ичинде ар апталык жана финалдык ойнотууларда бир колдонуучу, ага катталган Билеттердин санына карабастан, бир байгеден (смартфон, саат жана автоунаа) ашык эмес гана ута алат.

8. Рандомайзердин иштөө шарттары

8.1. Байге фондун ойнотуу комиссиянын катышуусунда рандомайзердин жардамы менен жүргүзүлөт.

8.2. Белгилүү бир конкреттүү билетке утуштун туш болушу - бул кокустуктун маселеси жана ал эч ким тарабынан атайын уюштурула албайт.

8.3. Лотереянын Байге фондун ойнотууда ушундай Ойнотуу башталганга чейин Байге фондун ойнотуунун жыйынтыгын алдын-ала аныктоого мүмкүндүк берүүчү жол-жоболор жана алгоритмдер колдонулбайт.

9. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссия

9.1. Ар бир Ойнотууну өткөрүү үчүн, Уюштуруучунун, мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүү менен, 3төн кем эмес мүчөдөн турган комиссия түзүлөт. Комиссиянын функцияларына төмөнкүлөр кирет:

  • Лотереяны Ойнотууга байкоо жүргүзүү;
  • Ойнотуунун жыйынтыктарын тийиштүү протоколго кол коюу аркылуу тастыктоо.

9.2. Байгелерди ойнотуу «Мой О!» мобилдик тиркемесинде онлайн режимде ачык өткөрүлөт.

10. Байгелерди алуу тартиби

10.1. Ойнотуудан кийин 10 календардык күндүн ичинде Лотереянын Жеңүүчүсүнө билет берилген абонеттик номерге, утуш тууралуу жана Уюштуруучу менен байланышуу зарылдыгы тууралуу маалымат менен SMS-билдирүү жөнөтүлөт.

10.2. SMS-билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин 3 календардык күндүн ичинде, Жеңүүчүдөн жооп келбеген учурда, Уюштуруучу Жеңүүчүгө үн менен чалуу жүргүзөт. Жооп болбогон учурда, биринчи чалуу жасалган күндөн баштап 3 календардык күндүн ичинде 3төн кем эмес чалуу жүргүзүлөт.

10.3. Финалдык Ойнотуу учурунан тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Уюштуруучу лотереянын жыйынтыктарын массалык маалымат каражаттарына жана 3 иш күндөн кечиктирбестен Лотереянын www.udacha.kg расмий сайтына жарыялайт.

10.4. Жеңүүчү байге алуу үчүн Уюштуруучуга кайрыла ала турган мезгил массалык маалымат каражаттарында жана/же Лотереянын расмий сайтында Ойнотуунун жыйынтыктары расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып 3 ырааттуу айды түзөт, бул мөөнөт аяктагандан кийин Уюштуруучу Жеңүүчүгө байгени берүүдөн баш тартууга укуктуу.

10.5. Жеңүүчү Уюштуруучуга инсандыгын тастыктаган жарактуу документти көрсөткөн учурдан тартып, ошондой эле байге алуу үчүн кайрылган адам утуштуу Билеттин ээси болуп саналары тастыкталган учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде Жеңүүчүгө байгени берүү ишке ашырылат.

10.6. Билет катталган «О!Деньги» ЭК кайрылган адамга таризделүүгө тийиш.

10.7. Эгерде инсандыгын тастыктаган документте көрсөтүлгөн аты-жөнү жана туулган күнү «О!Деньги» ЭКнын идентификациялык маалыматтары менен дал келбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген жана инсандыгын тастыктаган документтеги өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтери (аты-жөнү өзгөргөн учурда) жок болсо, байге кайрылган адамга берилбейт.

10.8. Байгелерди берүү Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/2 дареги боюнча Жеңүүчү менен Уюштуруучунун ортосунда макулдашылган убакытта жүргүзүлөт.

10.9. Байгеге карата киреше салыгы КРдин СКсына ылайык Ойнотуунун Жеңүүчүсүнөн кармалат.

10.10. Ойнотуунун Жеңүүчүсү сүрөткө жана/же видеого тартууга тоскоолсуз катышууга милдеттенет жана Лотереянын Уюштуруучусуна бул фото жана видеоматериалдарды Лотереянын алкагындагы жарнамалык жана маалыматтык максаттарында пайдаланууга макулдугун берет.

10.11. Жеңүүчү төмөнкү учурларда байге алуу укугунан ажырайт: Победитель утрачивает право на получение приза в случае:
a) ушул Өткөрүү Эрежелери менен белгиленген байгени алуу Мезгилинин ичинде байге алуу үчүн Уюштуруучуга кайрылбоо;
б) эгерде Колдонуучу ушул Эрежелердин шарттарына жооп бербесе.

11. Корутунду жоболор

11.1. Ушул Өткөрүү эрежелери 4-пунктта көрсөтүлгөн Лотереяны өткөрүүнүн жалпы мезгилинин ичинде жана байгелерди алуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.

11.2. Уюштуруучу менен өз ара мамиледе Жеңүүчүнүн кызыкчылыктарын байгени алганга чейин ыйгарым укуктардын тиешелүү тизмесин камтыган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иштеген анын өкүлү көрсөтө алат.

11.3. Эгерде катышуучу байге утуп алуу максатында Лотереяга катышуу үчүн ири суммадагы акча коротуу чечимин өз алдынча кабыл алса, бул учурда Уюштуруучу эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Лотереяга катышуу катышуучулардын өзгөчө ыктыярдуулук принцибине негизделет.

11.4. Лотереяны өткөрүүгө жана анын жыйынтыктарына тиешелүү кайрылуулар жана дооматтар тиешелүү Ойнотуу өткөрүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде жасалышы мүмкүн. Лотерея өткөрүү жана анын жыйынтыктары боюнча кайрылууларды жана дооматтарды кароо мөөнөтү — аларды алган учурдан тартып 14 иш күн.

11.5. Лотереяга катышуу менен, Лотереянын ар бир катышуучусу ушул Эрежелердин текстин кылдаттык менен окуп, түшүнгөнүнө автоматтык түрдө макул болот, жана шарттар жана Шарттардын жоболору менен эч кандай чектөөлөрсүз жана/же четтетүүлөрсүз макул болот.